super.kg logo

Түркиядан 220 адам өлкөгө учуп келди, алардын арасында "Шайыр апалар" да бар

 

Түркиядан келе албай жаткан "Шайыр апалар" Кыргыз өлкөсүнө келип, обсервацияга алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун мүчөсү Кеңешкан айым билдирди.

"Кечээ Түркиядан кечки саат 19:00дө учканбыз, таңга маал мекенибизге аман-эсен келип алдык. Биз менен чогуу башка мекендештерибиз да келди. Жалпы 220дан ашык адам болдук. "Манас" аэропортуна келерибиз менен ар бирибизди тепловизор менен текшерип, мазок алышты. Баарыбызды автобустар менен "Ак-Кеме" мейманканасына алып барып жайгаштырышты. Келерибиз менен коронавируска тест алышты, аны эртең чыгат деп жатышат. Бул жакта шарт жакшы, тамак-аш берилип, дарыгерлер карап жатышат. Арабызда өзүн жаман сезген, коронавируска шектүүлөр деле жоктой. Толук жыйынтыгын тесттин жообу чыкканда билебиз", - дейт "Шайыр апалар" долбоорунун мүчөсү Кеңешкан айым.

Эске салсак, буга чейин Түркиянын Анталия шаарына "Ак элечек айымдар аалам кыдырат" долбоору менен 63 аялдан турган "Шайыр апалар" долбоору барып, аба каттамдары жабылганына байланыштуу мекенине кайта албай калышканы тууралуу жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.03.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак элечек апалар аман эле болгулачы
25.03.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайырданбай кое тургула эми. Уйдон жата берип эле шайырдангыла
25.03.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ак элечек апалар аалам кыдыра турган заман эмес бекем ХХХХ олтуруп турайлы.
Мынча эле кутурасынар чыкпа деген сайын талаалап
Модератор admin_portal түзөттү 2020-03-25 15:32:37
25.03.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай адамдар ушулар
25.03.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашы чон болушканы менен акылы жок апалар экен абал курчуганда тентишип.Куйдурот да.Ырдабай эле шайырданбай эле намаз окуп уйундо отурушсун эми кийин.
25.03.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абал курчуй баштаганда эле кетишиптир шайырлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: