super.kg logo

Бишкек шаарынын коменданты: "3 кишиден ашык болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат" (видео, хронология)

 

Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Анда Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда 137 тартип бузуулар орун алганын кабарлады.

25-март саат 20:00дөн тарта 26-март саат 07:00гө чейин Бишкек шаары боюнча - 193, 27-март саат 07:00гө чейин - 146, 28-март саат 07:00гө чейин - 157 жаран кармалган. 30-март саат 07:00гө чейин - 122 жаран кармалган.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-03-31 09:11

Бүгүн, 31-мартта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бир катар кошумча буйруктарга кол коюлду. Уруксат кагазын электрондук түрдө алуу иштеп баштады. 

Жеке унааларды шаар аймагына жөнсүз айдап чыкпоо;

Жакындарыныкына, кошуналарына жана башка тааныштарыныкына конокко барууга тыюу салынат;

Өспүрүмдөрдүн көчөгө өз алдынча чыгуусуна (чоңдордун коштоосунда гана) тыюу салынат;

Бир үй-бүлө мүчөлөрү болбосо, анда 3 кишиден ашык болуп топтолуп жүрүүгө тыюу салынат;

Айрым ишканалардан башкасынын иши убактылуу токтотулат.

2020-03-31 09:09

Кечээ, 30-мартта коомдук коопсуздукту сактоо максатында жөө патрулдук кызматы түзүлгөн. Алардын ичинен Биринчи Май району боюнча 55, Октябрь району боюнча 120, Свердлов району боюнча 80 жана Ленин району боюнча 81.

2020-03-31 09:07

“31-мартка карата саат 07:00гө чейин борбор калаада 137 тартип бузган жаран кармалды. Алардын 18и аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган”, - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: