super.kg logo

Казакстанда экинчи адам коронавирустан көз жумду

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус менен ооруган жаран каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлап жатышат.

"Бейтап 50 жашта, "Тез жардам" бригадасы тарабынан 2020-жылдын 21-мартында ооруканага жаткырылган. Ал бир ай бою ооруп, бирок дарыгерлерге кайрылбай, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаган. Аны менен байланышта болгон адамдардын саны 31ди түзүп, алар көзөмөлгө алынды. Маркум жаран менен байланышта болгон дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды", - деп билдирген Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Республика боюнча жалпысынан 325 жаранда коронавирус инфекциясы катталып, 21 адам айыгып, 2 адам көз жумду.

Эске салсак, коронавирус Казакстанда 13-мартта аныкталган. Казакстанда өзгөчө кырдаал 16-мартта саат 8:00дөн тарта өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругу менен киргизилген жана 15-апрелге чейин созулат. 19-марттан баштап Нур-Султан жана Алматы шаарларына карантин киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: