super.kg logo

Жалал-Абад шаарында онлайн окууга 70 баланын шарты жок

 

Жалал-Абад шаарында аралыктан окууга 70 баланын шарты жок. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

"Жалал-Абад шаарында эртең, 8-апрелден тарта окуучулар төртүнчү чейректи өз үйлөрүндө онлайн форматта окуп башташат. Буга чейин окуучулардын электрондук сабак өтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын кароо жүргүзүлгөн. Ага ылайык, калаадагы 70 окуучунун шарты жок экени аныкталган. Азыркы учурда шаардык билим берүү бөлүмү аларды мектептерде орнотулган сыналгы жабдыктар менен камсыздоо аракеттерин көрүүдө. Мында Жалал-Абад шаарындагы 20 муниципалдык мектептин 23 миң 458 окуучусу электрондук окутуу режиминде билим алышат. Алардын 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар КТРКнын "Баластан" каналынан, ал эми 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар "ЭлТР" жана илим билим каналы аркылуу окутулмакчы. Аны менен бирге даярдалган материалдарды “Мегаком” компаниясы менен бирге түзүлгөн тиркеме аркылуу да окуй алышат. Ал тиркеме "Мега 24" деп аталат. Мында мугалимдер менен бирге окуучуларга акысыз симкарталар таратылат. Окуу программалары канчалык түшүнүктүү болуп жаткандыгын мугалимдер менен окуучулар Zoom, Telegram жана WhatsApp программалары аркылуу кайтарым байланышта кабардар болуп турушат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иши кылып телефон колго тийбей калды... Эки балам онлайн окуйбуз деп талашып...Жаман эле экен...
07.04.2020. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mintip-menu-suybo,Жакшы экен коронавирустун коркунучтарын укпай отурасын
07.04.2020. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде москвада кыздарым окуган мектептен убактылуу колдонуп турганга ноутбук алгыла деп жатат, кимде техника жок болсо! Шартты салыштырып корсон капа болуп ыйлаганы келет КР.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: