Быйыл жай өзгөчө ысык болобу? Кыргыз гидрометеорология агенттигинин жообу





Орусиялык гидрометеорология кызматы быйылкы жыл өзгөчө ысык болот деп маалымат берүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө да аба ырайы аябай ысык болот экен деген маалыматтар тарады, ал маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.
"Интернет ресурстарына аба ырайы тууралуу маалымат чыгарган бир дагы глобалдык үлгү алдын ала бир айдан көп убакытты күн боюнча так көрсөтүп бербейт. Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, Чүй өрөөнүндө май айында абанын температурасы түнү +4 градустан +15 градуска чейин жана күндүзү +17 градустан +30 градуска чейин ысык болуусу күтүлүүдө.
Буга чейин Бишкек шаарында жайында 1999-жылдан 2019-жылга чейин катталган маалыматтарга ылайык, эң жылуу айлар июнь (2004-жылы жана 2008-жылы), июль (2005, 2015, 2019-жылдар) болуп, абанын орточо температурасы +41 градуска чейин көтөрүлгөн. Ал эми Бишкек шаарында катталган эң ысык ай бул 1983-жылы июль айында болуп, абанын температурасы +42,8 градуска жеткен. Быйыл аба температурасынын жылуулук көрсөткүчү мурунку көрсөтүлгөн градуска чейин жетеби, аны алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу жарандардан такталбаган маалыматтарды таратпоону суранабыз. Мессенжерлерге тараган сүрөттөр чындыкка дал келбейт", - деп жазылат билдирүүдө.



1 |