“Супер-Инфо” гезити мыкты дизайнеринен ажырады















“Супер-Инфо” гезитинин дизайнери Азамат Сагынбаев 6-майда узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптешибиз соӊку жарым жылдан бери ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан.
Азамат Сагынбаев 1981-жылы, 16-июлда төрөлгөн. Бул жылы 39 жашка чыкмак. Ал “Супер-Инфо” гезити түптөлгөндөн бери дизайнерлик кесипти аркалап келе жаткан, өз иши менен далайларды суктанткан, гезитке башкалардан өзгөчө көрк берип, ошонусу менен “Супер-Инфонун” өлкөдөгү эң көп нускалуу гезит болушуна опол тоодой салым кошкон жигит эле. Азаматтын жетегинде иштеген дизайнерлер тобунун эмгегинин арты менен “Супер-Инфо” бир нече ирет мыкты жасалгаланган гезит катары сыйлыктарга ээ болгон. Ал өз ишин сүйгөн, таланттуу, жоопкерчиликтүү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Артында апасы, жакындары, жубайы жана 3 баласы калды.
Кейиштүүсү, 1-май күнү 2 уулдан соң кыздуу болгонун билбей кетти. Кесиптешибиздин бир туугандарына, үй-бүлөсүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.
Азамат, сенин элесиӊ биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт!
“Супер-Инфо” гезитинин,
SUPER.KG порталынын жана
SUPER.TV`нын эмгек жамааты


Жараткан жаннаттан орун берсин,жакындарына сабыр тилейм!
Супер-Инфонун жамаатына да конул айтам,кабырганар кайышып тургандыр,коп жыл иштешсенер бир туугандай эле болуп калдынар да...
Жаш кетиптир,окунучтуу((((