Вице-премьер калктын 7,4 пайызы гана турак жайын камсыздандырганын билдирди
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров болгону калктын 7,4 пайызы гана турак жайын камсыздандырганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Республика боюнча 1 миллион 174 миң турак үй болсо, анын 854 миң 399у жер тамдар, 320 миң 273ү көп кабаттуу үйлөр. Анын ичинен 87 миң 332 үй камсыздандырылды", - деди Акрам Мадумаров.
Депутат Улан Примов турак жайды камсыздандыруу иши өтө начар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Ал бул багытта өкмөт тийиштүү иш алып барышы керектигин айтты. "Камсыздандыруу кандай болгону ушундайда билинет. Сиз камсыздандыруу начар болгонун өзүңүз айтып жатасыз. Акрам Камбаралиевич, сиз да Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегенсиз. Демек, сиздин да жоопкерчилигиңиз бар экен", - деди депутат.

