"10 эле ардагер калган". Баткендеги согуш ардагерлерине медалдар тапшырылды




Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Абдрахманов ардагерлерге Сооронбай Жээнбековдун атынан жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин атынан "1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик медалдарын тапшырды. Бул сыйлык облустагы бардык 10 согуштун жана 279 ооруктун ардагерине тапшырылган.
Андан тышкары ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге резервдик фонддон 10 миң сом, шаар мэри 100 миң сомдон тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.