"Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады". Уулу ага моралдык басым көрсөтүлүп жатканын билдирди

"Бүгүн, 22-май күнү Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады. Алмазбек Шаршеновичтин коронавируска тапшырган тести "таза" экендигин тастыктаган маалымкаты болсо да, 3-жолку жолугушуу терезе артында өтүп, жубайын, балдарын кучактай албагандыгы буга себеп болду. Атамбаевдин туугандарында коронавирус жок экендигин тастыктаган документ болсо да жолугушуу кооптуу экендиги, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто ондогон маалымкаты жок адамдар менен жолугушуу коркунучсуз экендиги түшүнүксүз. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ага моралдык басым көрсөтүлүп жатат. Ал ден соолугуна карата арыздангысы келбейт, бул анын принциптерине туура келбейт", - деп жазган Сеид Атамбаев.
Аталган окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.
Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык жана туруктуу. Ден соолугуна эч кандай арыздануусу жок. Ал күн-түн дебей дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

кылган чыккынчылыгындай эле болду. Сынган кылычты окугандар болсо, билет