super.kg logo

Эртең Бишкекте 110 троллейбус, 112 автобус каттамга чыгат

 
Эртең, 25-майдан баштап 110 троллейбус, 112 автобус 11 каттам менен жүрүп баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-маршрут гана жүрбөйт.
"Автобустарды жана троллейбустарды коопсуз ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп, транспорттук кызматтын кызматкерлери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Коомдук транспорттор адаттагыдай эле жүрүп, бирок санитардык коопсуздук чараларын так сактоо менен, унаалардын кире беришинде санитардык тазалагычтар орнотулат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап жана кол кап кийишет.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 60-70 пайыз өлчөмдө жана санитардык аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт. Унаанын салону бир нече жолу дезинфекцияланып, ар бир каттамдан кийин эшик туткалары, орундуктар сүртүлүшү керек. Шаардыктардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн "Тулпар" электрондук накталай эмес тарифтик тутуму иштейт. "Тулпар" карталарынын артыкчылыктары: транспорттук коопсуздук, чыгымдардын ачыктыгы жана эң негизгиси акчаны накталай алууда байланыш жок.
Эсиңиздерге сала кетсек, автобустарга жана троллейбустарга кире бериштеги эшиктен кире аласыз. 1-июндан баштап жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн кызыл карталарды берүү боюнча "Тулпар" тейлөө борборлорунун ишин жандандыруу пландаштырылууда. Көк түстөгү "Тулпар" картасын айдоочулардан, уюлдук операторлордун кеңселеринен сатып алууга болот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
24.05.2020. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Траллейбус, автобус каттабаган жерлердеги адамдарды ким таашйыт? Жооп берип койгулачы.
24.05.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирин олуп бирин кал дешиптир да.Жаны конушта жашагандар жумушуна учуп барабы
24.05.2020. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гес2ге каттайбы анан аламидин базардан тур базага 3автобус болчу ошол да чыгабы
24.05.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош шаарында дагы каттамга чыгабы автобус менен троллейбус
25.05.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошточу, же оштуктар учуп барышабы жумушка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: