super.kg logo

Республикалык штаб Саламаттыкты сактоо министрлигине келген жардамдардын тизмесин таратты

 

Республикалык штаб коронавируска каршы күрөшүү максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн келген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, ушул жылдын 9-мартынан 25-майга карата 38 миң 653 даана жеке коргонуучу каражат келди. Жеке коргонуучу каражаттар топтомунда костюм, көз айнек, бахила жана кол кап бар.

Жасалма дем алдыруучу аппарат – 18;
Кислород берүүчү аппарат – 52;
Кол менен дем алдыруучу аппарат – 40;
ПЦР-тест – 2684;
Экспресс-тест – 146 миң;
Тепловизор – 86;
Термометр – 3185;
Бет кап – 743 миң 280;
Респиратор - 80 миң 992.

"Мындан тышкары ооруканалардын өзүнө коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык жабдыктар чет мамлекеттерден демөөрчүлөр жана эл аралык уюмдар тарабынан да келүүдө. Мындан улам жогоруда айтылган көрсөткүч өзгөрүп турат", - деп жазылат маалыматта.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн келип жаткан гуманитардык жардам жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук маалыматтар мед.кж cайтына жайгаштырылып жатканы кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: