super.kg logo

Парламентте чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге атайын статус берүү боюнча мыйзам долбоору каралды

 

Бүгүн, 28-майда парламентте чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге атайын статус берүү боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечи депутаттары Махабат Мавлянова, Азизбек Турсунбаев, Таабалды Тиллаев, Төрөбай Зулпукаров, Айбек Алтынбеков, Улугбек Ормонов.

Мыйзам долбоору мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүүгө багытталган. "Бул укуктар жана артыкчылыктар алардын Кыргыз мамлекетиндеги укуктук абалына, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна шарт түзөт. Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет. Бирок алар аны өздүгүн ырастоочу документ катары пайдалана албайт. Кызмат көрсөтүүлөрдү алууда, мамлекеттик чек арадан өтүүдө өздүгүн ырастоочу чет өлкөлүк документ менен кошо мурдагы жарандын ырастамасы көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мурдагы жаранынын статусу акы төлөөнүн негизинде таризделет жана берилет, акынын өлчөмүн өкмөт аныктайт. Ал эми мурдагы жарандын статусу Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттердин жарандарына берилиши мүмкүн эмес", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.05.2020. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түшүнбөдүм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: