Депутат өкмөт кесиптик билим берүү тармагы үчүн атайын программа иштеп чыгышы керектигин айтты
Депутат Бахадыр Сулейманов өкмөт кесиптик билим берүү тармагы үчүн атайын программа иштеп чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
Жыйында баштапкы кесиптик билим берүү системин реформалоо маселеси жана аталган тармактагы көйгөйлөр талкууланды.
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартованын айтымында, аларда окуган балдар тигүү, ширетүү, техникаларды оңдоо сыяктуу бир катар жумуштарды жогорку деңгээлде жасап, бир катар кызматтарды көрсөтө алат. "Буга мисал пандемия маалында кесиптик билим берүү мекемелеринен окуучулары 25 миңден ашуун медициналык бет кап тикти. Бирок мына ушундай кызмат көрсөтүү ишин баштаганда эле укук коргоо органдары келип, системдин ишмердүүлүгүндө каралбаган кызматтарды көрсөтүп жатасыңар деген жүйөө менен тоскоолдук кылышат. Андыктан, маселеге чекит коюп окуучулар көрсөткөн кызматтар билим берүү кызматы катары гана каралса деген сунуш берип жатабыз. Кээ бир органдар реестриңерге кайсы кызматтарды көрсөтө аларыңарды тизмектеп койгула деп жатышат. Бирок бул туура эмес. Биз бир гана билим берүү кызматын көрсөтөбүз. Ал эми башка окуучулар тарабынан жасалып жаткан иштер ошол билим берүү кызматынын ичине кириши зарыл", - деди ал.

