ИИМдин өкүлү: "Саймаитинин өлүмү Кыргыз өлкөсүндөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп айта албайбыз"
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.
Анда Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Саймаитинин Кыргыз өлкөсүндөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу ишти УКМК алып бара турганын айтышты.
"УКМК анын ишмердүүлүгү боюнча иш жүргүзүп жатат. Биз жасалма паспорт жасалгандыгы жана алдамчылык боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Ошол тууралуу гана маалымат билебиз. Калган маселе боюнча иш жүргүзгөн жокпуз", - деди ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов.
Саймаитинин өлүмү боюнча ИИМге Түркия кандай маалыматтарды берди?
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
-2

