super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын өкүлү: "Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Саймаити тарабынан "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар акча берилген"

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Депутат Өмүрбек Бакиров кайсы тарап кайсы журналисттерди жалдаганын сурады.

УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айтымында, күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине кайрылган. "Журналисттердин ортосунда акча алуу болгон. "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар акча берилген", - дейт ал.

Депутат күбөлөрдүн видеосун бир сааттын ичинде алып келүүнү сунуштады. Жыйынтыгында УКМКнын өкүлдөрү күбөлөрдүн видеосун саат 18:10до алып келмей болушту.






УКМК: "Күбөлөр Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине акча бергенин айтышты"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: