super.kg logo

"Бет кап тагынбай жатасыңар" деп сындаган саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү өздөрү бет капсыз брифинг өткөрүштү

 

Бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев онлайн брифинг өткөрүштү.

Алар жарандар бет кап тагынуу талаптарын аткарбай жаткандарын айтышты. Бирок ошол эле учурда министрликтин өкүлдөрү брифингде бет капсыз отурушту. Онлайн брифингдин алып баруучусу дагы бет капсыз жыйын өткөрдү.

Жороев бет кап тагынуу Кыргыз өлкөсүндөгү эле маселе эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү маселе экенин айтты. "Бет кап тагынуу ооруну таратпоо чарасы болуп эсептелет. Чехияда бет кап тагынуунун эрежесин бузгандарга өтө чоң айып салынат.

Өкмөт тараптан санитардык талаптар иштелип чыккан. Анда бет кап тагынуу талабы бар. Мониторинг жасап жатабыз. Бет кап тагынуу талабы аткарылбай жатат. Шарт катарында бет кап кийүү керек", - дейт ал.

Үсөнбаев бет кап тагынуу маселеси курч мааниге ээ экенин билдирди. "Көчөдө жүргөндө кооптуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Балдарга да бет кап тагып, тартипке көнүү зарыл. Бүгүнкү күнү тартипти солгундатып, бет кап кийбей жатасыздар", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.06.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызда мурду кыйшык болсо да ,байдын уулу сүйлөсүн дейт. Өзүлөрүнүн бет кабы кана.Элге акыл айтуудан мурда, өзүңөрдүн штан көйнөгүңдү иретке келтирсеңер жакшы болот эле.
05.06.2020. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
э оздору сактабайт эрежени. Кечээ 6 айлык уулума прививка сайдырганы барсам поликлиникада посетитель тургай, врачтардын оздорундо маска жок. Мени маскарлап кулушот го коркок деп уулума да маска тагып барсам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: