super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 5 күн бою туруксуз аба ырайы күтүлөт, айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн

 

Бүгүн, 5-июндан баштап 10-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.

5-июнда күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июндарда республиканын кээ бир аймактарында катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. 5-6-июндарда айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: