super.kg logo

9-июндан баштап Кыргыз-Казак чек арасындагы "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту иштей баштайт

 
8-июнда саат 24:00дөн тартып "Чалдыбар" (Кыргыз Республикасы) – "Сыпатай Батыр" (Казакстан Республикасы) көзөмөл-өткөрмө пункттары кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле COVID-19га каршы аракеттенүүдө эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашкан.
"Ошону менен бирге Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу автотранспорттук каражаттардын өтүү кыймылына байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашышты. Тараптар Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен азыркы учурда иштеп жаткан «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) – «Карасу» (Казакстан Республикасы) жана «Чоң-Капка» (Кыргыз Республикасы) – «Айша-Биби» (Казакстан Республикасы) өткөрмө пункттарындагы тоскоолдуктарды четтетүү зарыл деген түшүнүккө келишти.
Өз кезегинде кыргыз тарабы Казакстан тарабын ЕАЭБдин колдонуудагы ченемдерин сактоого чакырды.
Министр Айдарбеков зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн «Чалдыбар» – «Сыпатай Батыр» көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүгүн 8-июнда саат 24:00дөн тартып кайра жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууну оң баалады.
Телефондон сүйлөшүүнүн аягында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары маселелерди эки өлкөнүн профилдик органдарынын линиясы боюнча эки тараптуу негизде ыкчам түрдө чечүүнү макулдашышты", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: