super.kg logo

Күйөөсү аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк асып, мазактап жазалаган окуя: Кордолгон аялдын уулу менен бир тууган эжесинин сүйлөшүүсү (видео)

 

Кечээ, 12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Андан аялдын колу байланганын, моюнуна таш салынган дөңгөлөк артылганын жана эркек кишинин ага баштан ылдый чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканы көрүнөт.

Аялын уруп жаткан эркекти колдонуучулар жектеп, катуу жазалануусун талап кылып, бул тууралуу жеке пикирлерин жазышууда. Ал эми окуяга байланыштуу интернет тармагына дагы бир видео жарыяланды. Анда сүйлөп жаткан бала менен аял токмок жеген аялдын уулу жана бир тууган эжеси экенин алардын сүйлөшүүлөрүнөн улам байкоого болот.

Сүйлөшүүнүн башталышында бала энесинин абалына ызаланып ыйлап, эжекеси менен учурашып сүйлөшкөнү угулат.

"Эртеден бери ыйлайм, көрөрүм менен жетип келдим. Эмне кылып аласың дегенсип, мына көр, башкаларга сабак болсун, жөнөт эжесине деп видеону мага жөнөтүптүр. Ал видео болбогондо, бул окуяны билбейт элек. Буга чейин дагы уруп жүргөн экен. Азыркы акыбалын карачы, азыр дагы жакшы билинбей жатат. Уулум, карачы, атаң кандай адам экенин. Биз атаңды ушундай жакшы көрүп сыйлачу элек го. Кылган кылыгын, видеолорун көрдүңбү? Мыкаачы, баңги дагы мынчалык урбайт. Жөн эле урса мейли эле, шапалак менен салса мейли эле, эрди-катын урушат дейт элек, баллонду моюнуна асканды көрдүңбү, баңги да бул кадамга барбайт. Ооруканага алып барсак баш мээси чайкалганын айтып, дарыгерлер дары жазып беришти", - деп сүйлөгөн эжеси.

Мындан сырткары ал күйөө баласы сиңдисин кантип чыдап урганын, эч кимиси жок деп кордук көрсөткөнүн, тоготпостук деп айтып кейип сүйлөп берип жатканын жана кордолгон аялдын эжеси делген аял күйөө баласынын атын Зөкүш деп айтып жатканы угулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
13.06.2020. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акмак экен эркек сөөрөй!
13.06.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эшек турмодо чирип олсун
13.06.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баласы байкушка жаман болду эмне дешин билбей
13.06.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде аял кишини басмырлоо, кемсинтуу, эркектердин ан сезиминде диний тушунук м-н бекемделген. Ислам дининде аялдар жонундо кооз айтылны менен иш жузундо басмырланып эле келет. Исламдашып кеткен биздин региондорду карагыла, осуп келе жаткан жаш кыздардын потенциалы ото томон. Озгочо биздин туштук регион ашкере исламдашып кеткен. Туштукто маданий, заманбап иш чараларды коп откоргуло да. Жаштарды кыздарды заманбап маданий, искуство, спорт иш чарага коп аралаштыргыла.
Mirlan27011987 түзөттү 2020-06-13 12:49:01
13.06.2020. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Mirlan27011987,Исламда аялдарды басмырлоо кемсинтуу жок чыныгы бактылуулук Исламда
13.06.2020. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kyrgyz40,
Исламдашкан, молдолор башкарган Афганистан, Пакистан олкосун карап кор.
13.06.2020. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Mirlan27011987,түштүк түндүктө эмес кеп. Кеп өлкөбүздүн жалпы ушундай туңгуюкка түшүп калгандыгы. Бул көрүнүш ар бир Кыргыз аймагында кездешет. түштүк да түндүктө да.
13.06.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirlan27011987,Ислам динин билбегендер,современныйлар деле аялдарын,балдарын сабап,олтуруп атышат.Адамдын таш боорлугу,динге,расага,же улутуна карабайт.Европа,Америка,Африкада деле аялдар таяк жеп журушот.Бир элге,бир жерге зомбулук байланбайт
13.06.2020. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул киши буга чейин да кылып келген бул кылыктарын,эми ачыкталып отурат да.Балдары чонойуп калыптыр,карыганда как башы кала турган киши экен.Балдарын алып чыгып кетсин,анан билет.Айбан,колун сынсын!!!
13.06.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял да кызык экен .Өзүн ушунча кордотуп,мындайдын өзүнөн ашып түшү керек.
13.06.2020. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pero5184,видеого тартып жаткан карындашы да жеткен акмак өзүн ошол аялдын ордуна коюп көрсө жакшы болмок. Аял байкуш өз укугун билбеген бир көр пенде экен. Бул дагы караңгылыктын кесепети
13.06.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nargiz-sa,Агасынан коркконунан тартканда, видеого тартып жакшы кылыптыр болбосо омур бою токмок жеп отмок.Аялын кордогон эркектерге каттуу жаза колдонуш керек болуп калды озу.
13.06.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин, салт үстөмдүк кылган жерде - аялдар азап тартат жана эч качан баркталбайт. Молдолор, салтчылдар аялдарга карата көрүнгөн эрежени ойлоп чыгара беришет, а сабатсыз эркектер ал эрежелерди тымыз колдоп турушат. Азыр кээ бир биздин региондордо ошондой түшүнүк менен жашап жатканы өкүнүчтүү.
erlan2196 түзөттү 2020-06-13 13:51:26
13.06.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlan2196,туура кошулам пикирге
13.06.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erlan2196,Эмнеге динге асыла бересиңер тушунбойм. Ислам дининде аял адамдын орду жогору. Ошол үчүн Бейиш эненин таман алдында дейт. Колдон келсе эненин бүтүн жууп кызмат кыл. А сен эмнеге бул урган кишини мусулман же ислам жинине тенеп жатасың. Мусулман адам мындай иш жасабайт. Эвропаны туурап жазтарыбыз эмне болуп жатат. Келечек жаштарда десек жаштар вайн тартып тик токчу түндүк түштүк деп бөлүп жатат. Мындай көрүнүш Кыргызстандын бардык аймагында болот бир гана түштүкто эмес
13.06.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеткен караңгылык. Аялдар ушунчалык укугубуз жерде калганы бүгүнкү күндүн трагедиясы. Болгон күнөөсү бир тууганыныкына барганы экен мен түшүнгөндөн. Айбанчылык дейбиз бирок айбандар аярлуу түгөйүн антип кордобойт, кайра коргоого алат. Ошол аял ошол жырткычтын тукумун улап жатат го? Ошол жырткычтан калган тукум мындай жорук жасабасын. Аялы кордолгон улуттун келечеги жок. Исламизация дейбиз, бирок билими тайкы адамдар Ислам баалуулуктарын башкача кабыл алышууда абдан өкүнүчтүү
13.06.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо бир молдо кыздарды аялды таш бараңга алуу салтын калыбына келтириш керек дейт го. Кыязы ошондо бейишке жашайт имишпиз.
13.06.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zhaku2017, Б.кту жептир ошо молдо. Акмактар ошондой чала молдо дин бузарлардын айынан болот коп нерсе. Иий динде ушинтиш керек турбайбы деп тупой эркектер аялдарына запкы корсотушот
13.06.2020. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум ай журогум. Эркек соройлор. Ушуну коруп кайсы кыз турмуш кургусу келет. Жазасын алсын кок мээ. Турмодо чирисин. Тамагыма бир несе тыгылып чыдай албайм го . Уф эркек аты бар эркектер. Аял назик, алдап соолап бир аялды бактылуу кылалбайсынбы? Олуп алчы нары
13.06.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде диндин кандай тиешеси бар бул адамдын өзүнөн.Динди түшүнгөн адам мындай кылбайт.Бирок бир нерсени моюнга алыш керек бизде түштүктө кыздарын окутпай эле күйөгө беришет көпчүлүгү айрыкча Баткен тарап мектепти да түзүк окутушпайт.Мени талап кетпегиле кичине моюнга алганды да билели.Ошонун кесепетинен аялдар өз укугун билбейт.
13.06.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ислам динине азылбай өз жолуңар м-н боло бергилечи. Дагы ушу силерге окшогон динди толук түшүнбөгөн дин менен жашабагандар кылат.
13.06.2020. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атырылып түгөйүн кордогондор,
Аял затын кул өңдүү ойлогондор.
Айбан кылбас жорукту жасайт тура,
Адам деген атка чак болбогондор!

Көкүрөгүң көр экен айбан жаның!
Күн көргөзбөй кордогон алган жарын.
Ала көөдөн биз эмес жол баштаган,
Аял затты сыйлаган Пайгамбарым!

Дөңгөлөктү мойнуна артып койуп,
Дүкүлдөйсүң кылганың артык көрүп!
Төөдөн дагы чоң күнөө кетирсе да,
Түшүндүрсө болот го айтып көрүп

Канча очок
13.06.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбосо таш баранга алыш кк аялдар шайтан деп именно чала молдолор айтып жатат!эркектер билбей жатат бирок психически олуп жататтар агрессивный, майдачыл. Аялдарды экинчи сорт эсептешип. Дагы мага купуя катка согунуп жазганынарчы кыйын тартиптуу мусульмандар)
Arstan18.18 түзөттү 2020-06-13 22:29:18
14.06.2020. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балага кыйын болду баарынан бечара
15.06.2020. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана кыргыздын менменсиген жигиттери коргоп алаар бироон барсынбы, башка улут менен журосун деп оз карындашыны олум алдына алып барган кыргыздын жигиттери канасынар,коргоп алаарга духунар жетеби.Калп эле куру намыска кокурок каккылабай баргыла, ошол эркек сооройду ордуна койуп койгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: