super.kg logo

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева: "Айыптоочунун 15 жыл сураганына таң калып турам"

 

Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук иш уланат. Анда тараптарга жарыш сөз берилет.
Эртең менен боло турган сот отуруму курам толук болбой калганына байланыштуу саат 2ге жылдырылган. Ишке айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, дагы бир айыпталуучу Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова сот отурумуна келген эмес.

Жактоочу билдиргендей, өткөн процессте мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны дагы 15 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сунушташкан. Индира Жолдубаева мамлекеттик айыптоочулардын сунушу аны таң калтырып жатканын билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу жыйынтыгында төмөнкү мөөнөттү сураган:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;

Президенттин аппаратынын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, кийин Башкы прокурор болгон Индира Жолдубаеваны 15 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу;

ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жыл эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратуу;

Академик, врач Абдулхалим Раимжанов — 13 жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган. Жалпысынан Батукаевдин абактан бошотулушуна 19 киши айыпталууда.






Батукаев иши: Индира Жолдубаева айыпталуучу сураган 15 жылга макул эмес

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
18.06.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аз Акчага кызыгып Батукаевди качырып жиберишти эле Эми эмне кылып, эмне суйлоорун билбей тан калып жатышат. Акчасын алып туруп качырганы чындык да, Жон эле олгону калыптыр деп чыгарса коп киши чыкмак.
18.06.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Он жыл эмес, сени түрмөдө эле чиритиш керек ёлый.
18.06.2020. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Индирага жалко.
18.06.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Belek1710,АШАга медвежий услуга корсотуп жатканда ойлонуш керек болчу, бул кундор дагы отот деп.БАТУну турмодон мыйзамсыз чыгарып, анын Россияда токол алганы факты да.
Индиран деле АША менен жатып жургондур ким билет. АШАдан баарын кутсо болот эле.
isarti түзөттү 2020-06-18 17:58:01
18.06.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сени менен кошо Абдил Секисбаевди дагы камаш керек. Атамбаев учоонорду бир камерага, Атамбаевдин доорунда силер тузук эле тайрандадынар каалаганынарды жасап
19.06.2020. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура сунуштар мулкун откоруп кеминде 15 жылдан отурушсун кийинкилерге сабак болчудай
19.06.2020. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушдан көрө эрге тийип, аялдык бакытыңды сезип, бала жытын жыттап эле жашаганга эмне жетсин. Кыркка чыксаңда үйбүлөң жок ёлый, кайдагы мусор саясат деп!!!
19.06.2020. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар аябай эле кутуруштуго чиркин, Атамбаевдин ЖАНЫНДАГЫЛАРДЫ бут камаш керек булар толугу мн таза эмес, Сегизбаев,Карамушкина, дагы 1 сары чач аял журдуго Ашага сойконуп ошону да камаш керек.Убагында Эл билип койуппу деп журушкон эркелеп мына эми Кудай корсотуп жатат! Элдин ырыскысы жон койбойт.
19.06.2020. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевди колдобойм, бирок бир шылуундун корсотмосу менен соттоп жибербеди беле, Батукаевди кое бербеди беле дагы толтура. Анан тан калганы кандай, шефи баш болуп оздору казган анга оздору тушуп атат. Окунучтуусу кийинкилерге сабак болбой жатканы.
19.06.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкаларга сабак болуш үчүн камаш керек
SUPER.KG видео
20.06.2020. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча суйлосонор тилинер тушуп калабы орусча суйлогон киргиздер.
SUPER.KG видео
20.06.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индира Жолдубаева жаштык кылып Атамбаевдин айтканын айткандай аткарган да. Эртенкисин ойлоп жок дегенде ошол учурда оз каалоосу менен арызын жазып жумушунан кетип калыш керек эле. Сегизбаевге дагы кезек келет эми. Убактысы келгенде.
SUPER.KG видео
20.06.2020. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев бийликтен кетпөөчүдөй, кетсе дагы Атамбаевдин өз адамы президент болуп шайланып "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпайт" деп ойлошкон да.Эртең эмне болуп кетишин эч ким билбейт туугандар бир Кудайдан башка. Ойлонуп иш кылгыла ким болсоң дагы...
basyz-kaman түзөттү 2020-06-20 20:10:31
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: