Дүйнөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери акыркы бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 183 миң 20 адамдан аныкталып, рекорд жаңыланды. Инфекция аныкталгандардын көпчүлүгү Түндүк жана Түштүк Америкада катталган. Буга чейинки рекорд 20-майда катталган. Анда сутка ичинде 106 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталган.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы жалпы 8 миллион 952 миң 428 адамдан аныкталды. 468 миң 331 адам каза болсо, 4 миллион 434 миң 628 бейтап айыгып чыкты.
Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирус жуктуруп алды
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.