super.kg logo

Коронавирус жуктуруп албадымбы деп шекшип жатасызбы? Министрликтен алгоритм топтому...

 

Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбору ОРВИнин же коронавирустун белгилерин өзүнөн байкап, ооруга чалдыктым деп шек санаган жарандарга эмне кылуу керектигинин алгоритмин жарыялады. Акыркы он күн аралыгында өлкө аймагында коронавирус илдети аныкталгандардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу мобилдик топтордун чакырган жерлерге баруусу өтө ыкчам болбой жатат. Мындан улам жарандар өздөрү да ден соолугуна көз салып туруу зарылдыгы чоң.

1. Эгерде сизде төмөнкүлөрдүн ичинен бир же бир нече белгилер байкалса:

* тамагыңыз ооруп же кычышса,

* жөтөлсөңүз,

* дене табыңыз көтөрүлсө,

* ичиңиз өтсө,

* алсыздансаңыз, тердесеңиз,

* муундарыңыз какшап, булчуңдарыңыз ооруса.

2. Анда төмөнкүдөй аракеттерди көрүңүз:

* Үйдө болуңуз,

* Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдөгү кыймылды азайтыңыз),

* Гигиенаны сактаңыз (бет кап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуз, өзүнчө идиш колдонуп, бөлмөнү желдетип туруңуз),

* 118 номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге чалыңыз. Сизде болуп жаткан белгилер жөнүндө SMS да жөнөтсөңүз болот.

* муктаждыкка жараша дарыланууну баштаңыз.

3. Симптомдуу дарылоо:

* суюктукту көп ичиңиз (суу, чай, компот),

* дене табыңыз 38,5 °Cден жогору болсо парацетамол же ибупрофен ичиңиз.

4. Башка өнөкөт ооруларды да дарылоону улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу, богок жана башка)

5. Абалыңызга көзөмөл жүргүзүп туруңуз:

* Дене табыңызды өлчөп туруңуз,

* Тамырдын согушун байкаңыз,

* Дем жетишпей жатабы же жөтөл көбөйдүбү көңүл буруңуз.

6. Бул белгилер болсо күн сайын үй-бүлөлүк дарыгерге абалыңыз жөнүндө айтып туруңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
24.06.2020. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мобилдик топ ыкчам иштешчу эле вируска чейин.Уй булолук даарыгер кунт койуп угат ооруган жерлерди айтса
25.06.2020. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи эле куну азитрамицин же ципролет найз, от кашли + арбидол ичип баштагыла. Витаминдерди двойной дозада ичкиле. Кт жасагыла деп настойчиво тургула.Москвада ушул дарылар менен дарылап жатат.
25.06.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainura220888,кт сы эмне
26.06.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ahun72,КТ - Компьютердик Томография
25.06.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын ээ эртерээк эле жоголсунчу ушул атың очкур оору
25.06.2020. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайненем грипп болгондо эле ушундай илгээртен бери эле. Азыр дагы ушунтип жатат... шондо не болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: