super.kg logo

Өлкөдө суткасына 50-60 миң даана бет кап чыгара турган цех ачылды

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы бир жолу колдонулуучу бет каптарды чыгаруу боюнча цехтин ачылыш салтанатына катышты.

"Пандемия шарттарында чек ара жабылгандыктан, импорт кескин кыскарып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү өтө актуалдуу болуп калды. Биз экономикабызды өнүктүрүүгө ата мекендик инвестицияларды тартууну, өлкөбүздө чыгарылган продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, айрыкча Евразия экономикалык бирлигинин рынокторуна экспорттоого өбөлгө түзүүнү колдоого алабыз. Өндүрүштүн баштапкы баскычында 25 жумуш орду түзүлгөн, мындан ары кызматкерлердин штатын жана чыгарылган өндүрүмдөрдүн түрүн көбөйтүү аркылуу өндүрүштү кеңейтүү пландалууда. Ишкана сапаттуу продукцияларды өндүргөн ишенимдүү өндүрүшчүлөрдүн катарын толуктоосун, өндүрүштү өркүндөтүп жана өлкө үчүн ийгиликтүү иштеп берүүсүн каалайм", - деди Аида Исмаилова.

Ата мекендик ишкерлер бет кап чыгаруучу заманбап жабдууларды (160 миң долларлык) сатып алып, цех ачышкан. Өндүрүштүн болжолдуу көлөмү - суткасына 50-60 миң даана бет кап чыгарат. Бет каптар FRR1 тиби боюнча EN149:2001 Европа стандартына дал келет. Толук автоматташтыруу, анын ичинде бет каптарды автоматтык түрдө таңгактоо жана стерилдөө өндүрүштүн өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бул долбоордун башкы милдети өлкө калкын сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы бир жолу колдонулуучу медициналык бет каптар менен камсыздоо болуп саналат. Ошондой эле FFP3 стандарты боюнча № 95 респираторлорун чыгаруу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
24.06.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыздар!Ишиңиздерге ийгилик
24.06.2020. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Umar.2013,бул завод жанылбасам, мындан 3 жыл мурда ачылыш керек болчу. Улуксат бербей журуп эми аран макул болушкан экенда (Ойдо жактагылар)
24.06.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми маска арзандайбы 5сомдук масканы 27сомдон алып атабыз?
25.06.2020. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asula,россияда 15 сомдон болуп калган. Кээ бир жерде бекер беришет магазин тц ларда.
25.06.2020. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адресин ким билет 10000 бет кар алыш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: