super.kg logo

Өкмөт: "Медициналык кадрлардын резервине 870 адам киргизилди"

 

Республикада COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан.

"Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар. Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты. Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда.

Окутуу ушул жылдын 30-июнунда башталат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: