super.kg logo

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн берилет

 

Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионуна чатырлар тигилип, анда үйүндө дарыланып жаткан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы аталган стадионго чатырларды тигет. Анда ооруп, тамчылатма дары алууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткандарга дарыгерлер жаңы алгоритмге ылайык жардам көрсөтүүнү баштайт.

Учурдагы илдеттин оорлошуп кетпешин, өнөкөт ооруларды дарылоо дагы маанилүү болуп жатканын эске алдык. Аталган жерде социалдык аралык сакталып, тез-тез дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлөт. Ар бир дарыгер коргонуучу каражаттар менен камсыздалат.

Бул жерге күндүзү Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары келип, керектүү жардамдар менен кошо кеңештерди да ала алышат. Белгилей кетүүчү жагдай, ачык асман алдында чатырлардын тигилиши, ооруну жайылтпоого карата көрүлгөн кадам. Стадиондун аянты кенен болгондуктан, адамдардын аралыкты сактоосуна мүмкүнчүлүк каралат", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: