Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө





Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
10-июлдан баштап Ысык-Көл облусунда регион жана облус аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын каттамдары токтотулат. Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын отурумунда кабыл алынды.
Аталган чечимдин негизинде, Ысык-Көл ОИИБи боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочулары арасында кеӊири түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Каттамдар 10 күнгө чейин токтотулат. Туроператорлор менен келишим түзгөн кичи автобустардын ишмердүүлүгүнө гана уруксат берилет. Ал эми такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык эрежелерди сактоосу зарыл жана жүргүнчүлөрдүн саны автоунаадагы жүргүнчүлөрдүн орундуктарынын санынан 70 пайызынан ашпашы керек.

