Баткен облусунда оруп жыйноо жумуштары кызуу жүрүүдө



Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен облусунун эң алыскы Лейлек районунун Маргун айылындагы оруп жыйноо иштеринен кабар алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
"Өлкөдөгү кооптуу илдеттен улам түзүлгөн кырдаал талаа жумуштарына тоскоол болбошу керек. Жергиликтүү бийлик дыйкандардын муктаждыгын өз учурунда чечип, оруп жыйноо иштерин өз убагында аткарылышына түздөн-түз жооптуу”, - деп белгиледи Абдрахманов.
Ошондой эле өкүл техника, күйүүчү май жана башка маселелер боюнча дыйкандар менен баарлашып, алардын абалын сурады. Учурда облуста оруп жыйноо иштери кызуу жүрүүдө.
Быйылкы жыл үчүн жалпы 25 миң 776 гектар оруп жыйноо жумуштарын аткаруу пландалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 115 гектарга көп. Бүгүнкү күндө 5 миң 179 гектар кылкандуу дан эгиндери жыйналса, анын ичинен 2 миң 583 гектар буудай, 2 миң 596 гектар арпа жыйналды. Түшүм гектарына орточо 24 центнерден алынууда.
Ошондой эле 626 гектар картошка, 565 гектар жашылча, 2 миң 734 гектар мөмө-жемиш, 410 гектар дан буурчак жыйналды.



1 |