super.kg logo

"Аңгырап дүйнө бош эми, ажыкем, арман, кош эми". Чубак Жалиловду акындар эскеришүүдө

 

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Мындай оор жоготуу тууралуу кабарды уккан кыргыз эли кайгырып, кан жутуп турат.

Социалдык тармакта дин аалымы тууралуу колдонуучулардын көбү өз баракчаларында эскерүү постторун жазып жатса, акындар ыр арнап, эскерип жаткан убагы.

ААЛЫМ жана ААЛАМ

Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.

Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү – чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?

Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!

Ачуу дебей акыйкатты билдирчү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчү.

Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес, дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз...
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.

Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
Мага бер деп тилеген бейм өзүнө.

Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө – аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?

Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салып кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.

Автор: Нуржигит Кадырбеков

Көкүрөккө муң толуп, азыр баары,
Көз жаштар тыйылып басылбады.
Көлөмү Ала-Тоодой адамдарды,
Көргө алып барып дөңсөөгө жашырганы,
Буйрукка баш ийип кете берди.
Абдугаппар, Чубактай асылдары,
Зайыр, Акжол, Элмирдей акындары.
Жакшы адамдар күн сайын азаюуда,
Аттиң арман... Кыямат жакындады...
Даяр бол! Кыямат жакындады...

Автор: Кубат Тукешов

Ааламдын көркүн жоготуп,
Асылдар өлбөс болсочу.
Жашоонун жазын соолутуп,
Жакшылар өлбөс болсочу.

Кандай оор, кандай жаңылык,
Кайрадан түтөйт каңырык.
Келаткан кезде аалымга,
Кетсең не ажал жаңылып.

Жүрөктөрүнө көл чөккөн,
Бийиктиктерди көрсөткөн.
Табылбай турган кайрандар,
Тамчыдай гана мөлт эткен.

Арманды кайда катабыз,
Азыр биз сыздап жатабыз.
Мээримин төгүп табылгыс,
Сагынып тосоор апаңыз.

Аңгырап дүйнө бош эми,
Ажыкем, арман, кош эми.
Бийиктен карап элиңди,
Бейиштин таңын тос эми!!!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

Эхх заман...
Оюмду жай алдырбай төрт бөлөсүң,
Токтолбой жыл кубалап өзгөрөсүң,
Зуулдаган мезгилиңди камчыланып,
Оо жашоо дагы нени көрсөтүсүң???
Автор: Акбар Кубанычбеков





Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
11.07.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх,озумо келе албай жатам. Чын эле ажыкесиз дуйно бош эми. Кайдагы бироону эмес,ушул киши тен болчу Манаска.
11.07.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото окунчуу Жатаан жери жаннаттын торундо болсун ажыке
11.07.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортодогу бала ким?
11.07.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aerforce,Акжолтой Канат уулу төкмө акын
11.07.2020. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amantur_akjol,аа ооба рахмат бул деген маркум Майра апабыздын уулу эмесби бул жигит да жаш кетти
11.07.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайдын кыргызга берген нуру очту! Окунучтуу...
11.07.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кош ажыкем бейиш болсун барганын
Калды бизге насаатарын айтканын
Жарык чачкан жан элен сен кыргызга
Нуру очту кош ажыкем ардагым
11.07.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым кыргыз деп согот эле жүрөгүңүз. Аллахым кабыр азабынан бүт өтүп кеткен мусулман биртуугандарды сактасын. Кош устаз
11.07.2020. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Устаз,ыйлатып кеттиңиз элиңизди,сагынабыз сизди.Сизди сагынабыз,Устаз!
11.07.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери бейиштин торунон болсун, аябай окунучтуу
11.07.2020. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап, ыйлап жибердим
11.07.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Топурагын торко, жаткан жерин жайлуу кылсын ООМИИН!
11.07.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен менен турсам эле суук кабар уккан кулагыма ишенбейм устаз Аллахым жаткан жериниз жайлуу болсун акырете беиштин эшиги ачык болсун устаз.
11.07.2020. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыямат жакындаганда Аллахым озуно, жакшы коргон пенделерин алып кетет экен, жаткан жери жайлуу болсун, ар Бир кадамы бейиштен болсун, биз ыйлаган сайын ажыкенин жаны кыйналат экен, ошондуктан кокуроктогу ыйыбызды дуага салалы, куран менен узаталы , ошондо ажыке женил кетет экен,
SUPER.KG видео
11.07.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен менен эле интернетке кирип, суук кабарды окудум. Дагы деле ишене албай турам, бугун кечкери уй-булоо мучолорубуздун бары кайгырып отурат, вйладым... ;((. Жузунон нуру чачырап, коодону билимге-илимге толгон, жан дуйносунун тазалыгы, аруулугу жузунон чагылып турган атына заты жарашкан аалым эле. Аллахым бейиштен орун берсин, оомийн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: