super.kg logo

Бир сутка ичинде коронавирустан 15, пневмониядан 29 бейтап каза болду

 

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 15 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер - 56, 56, 46 жашта жана 60 жаштагы аял киши);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (70 жана 71 жаштагы аял киши);
Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (61 жаштагы эркек киши);
Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (55 жаштагы аял киши);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (69, 67 жаштагы эркек киши жана 83, 50, 61 жаштагы аял киши);
Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (77 жаштагы эркек киши);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (75 жаштагы эркек киши).

Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны - 147.

Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам. Март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны – 452 адам.






Акыркы сутка ичинде илдеттен 44 адам каза болду, анын ичинен 5өө ак халатчандар

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: