super.kg logo

Алдын ала маалымат боюнча пневмониядан көз жумган. Обсервациялардын биринде каза болгон ыктыярчы студент боюнча министрлик билдирүү таратты

 

Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болгону тууралуу маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгон кыз Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болгонун айтып, анын өлүмү боюнча билдирүү жасады.

"Каза болгон кыз 1998-жылы туулган М.А. болгон. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо иштери факультетинин 5-курсун аяктаган. "Discoveri" мейманканасынын имаратында ачылган убактылуу стационарда ыктыярчы медайым болуп иштеп жүргөн.

13-июль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында күтүлбөгөн жерден анын абалы начарлап, тарамыштары тартыла баштаган. Жүрөк-өпкө реанимациясы башталып, 40 мүнөттөн кийин (20:45те) бейтап көз жумган. Кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин өзүн жаман сезген эмес.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон. Так диагноз соттук-медициналык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - дешти мекемеден.






Обсервацияга өз ыктыяры менен барып иштеп жаткан 20 жаштагы медайым кыз каза болду

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
14.07.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда эле жүрөк оору деп жатпады беле а что передумали уже?Компенсация төлөп беришсин уй булөөсунө!Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе каза болуптур байкуш кыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: