super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков обсервацияда ыктыярчы болуп иштеген студенттин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

"Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз", - деп өкүнүү менен белгиледи мамлекет башчы.

Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун президент баса белгиледи.

"Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм", - деп белгиледи Жээнбеков.

Бүгүн, 14-июлда Бишкектеги обсервациялардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болгону тууралуу маалымдалган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен.






Обсервацияга өз ыктыяры менен барып иштеп жаткан 20 жаштагы медайым кыз каза болду

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
14.07.2020. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Слова словами бирок үй бүлөөөсүнө компенсация берилиши керек!
Paol түзөттү 2020-07-14 19:45:20
14.07.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Paol,туура
14.07.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Коңүл айтпастан үй бүлөсүүнө Кампенсация бериш керек
14.07.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Конул айтып эле кутулуштун кереги жок...секелек кыз озунун жанын тобо келге салып иштегени озу эрдик эмеспи
14.07.2020. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Cokebizdi konul ayttirip ele koyso
oshogo jetkirbei but nerseni ubaginda jasasa konul aytmak emes~
Baktikan түзөттү 2020-07-14 21:22:27
14.07.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баары акча менен ченелбейт урматтуу туугандар! Ата энеге миллион берсе да, өз канынан чыккан бала бийик турат.
Бирок Жээнбеков көңүл айтып койгондун ордуна Эмгек баатыры же Эл баатыры наамын берип койсо ата энесинин көңүлүн алган болмок! Кап, президентибиз андайды билбейт экен...
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2020-07-14 22:03:39
14.07.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен кафеде иштеп журуп кооп медстудент кыздарды коргом, 30-40минден контракт тологону аз келгенсип зачет экзамендерге акча алат дешчу. Эми ошолордун убалы чондорго тийсин ылайым.
14.07.2020. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Курук соз чонтоко тушпойт. Кана вирустан олгон медиктерге бир канча акча беребиз айттынар элего.
15.07.2020. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ойлойм бул кыздын портрети озу окуган окуу жайдын ичине сыймыктана турган инсандардын катарынан орун алат деп. Чындыгында Эл баатыры наамына татыктуу болду. Элим деп оз омурун тобокелге салды. Арты кайырлуу болсун. Ата-энесине сабыр! Сыймыктанабыз биздин эр журок жаш баатыр кызыбыз!
15.07.2020. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун болбосо эртен Эл баатыры деген наам буга чейин коронавируска каршы курошуудо оз омурлорун тобокелге салып каза болуп калган медицина кызматкерлери менен чогуу берилет деп ишенем.
15.07.2020. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштебейсинби
15.07.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шүгүр бар экен э кайып болуп кеткенби деп ойлоп аткам
15.07.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адинайга өз өмүрүн тобокелге салып, ыктыярчы болуп, элдин саламаттыгын сактоого кошкон салымы үчүн, Гиппократтын антын бербей туруп эле, адам өлүмүнө жол бербөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилиши керек. СССР маалы болсо Герой Советского Союза берилмек.
MIRBOLOT түзөттү 2020-07-15 20:18:26
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: