"Ажал менен кармашкан чырпыктай кыз, халатындай ак эле жан дүйнөсү". 21 жашында каза болгон медайым Адинайга арналып ыр чыгарылды
Бишкектеги обсервациялардын биринде иштеп жатып каза болгон Адинай Мурзабековага арналып ыр чыгарылды. Аны ырдын автору, журналист жана акын Нарынбек Жамагулов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
ЖАШАЙТ КЫРГЫЗ
ТҮБӨЛҮК ТООЛОРУНДА
(Чырактай болгон студент кыз Адинайдын жаркын элесине жана тумоо менен кармашып жаткан ак халатчандарга арнайм)
Башкалардай жок эле сан дүйнөсү,
Билими эле колунда бар дүйнөсү.
Ажал менен кармашкан чырпыктай кыз,
Халатындай ак эле жан дүйнөсү.
Талчыбыктай ийилген курагыңдай,
Таш боор ажал жалмады, чырагым ай.
Түбөлүккө калаарсың эсинде элдин,
Тоонун шыңгыр туптунук булагындай.
Жайнап турган көзүңдөн гүлдү көрөм,
Жайдары кыз, жылдыздуу, үлбүрөгөн.
Элиң үчүн сен өзүң сездиң бекен,
Эрдик жасап кеткениң дүңгүрөгөн.
Бийлик бүгүн кызарып турса керек,
Билим алдың, жаныңдан акча төлөп.
Четте карап туралбай башкалардай,
Кесибиңе кириштиң баштала элек.
Ажал тооруп турганда элин-жерин,
Ак кызматың калкыңа өтөйм дедиң.
Аңдап али биле элек кезиң эле,
Адамдардын бузулган пейилдерин.
Улуулукту туу туткан улут элек,
Убал-соопту, ыйманды унута элек.
Убайымда жатса эли, сүткор чыкты,
Уурдап сатып дарысын он эселеп.
Ордолуу улуу журтпуз деп мактанбасак,
Оорулуулар карайлап тартканда азап.
Салаңдатып курсагын, мерез турду,
Кайгысынан элинин акча жазап.
Көр дүйнө үчүн энесин саткан булар,
Келээр учур ар бириң чекип сураар.
Кыйын күндө душманга колтук ачкан,
Кылыгыңар курусун чыккынчылар.
Каргашадай куюлган жылгалардан,
Кандай дарт бул, соолуп же кургабаган.
Кайсап турган алдынан чыккан жанды,
Кары-жаш деп карап бир, ылгабаган.
Бел болушкан калкына кыйындарың,
Бөлүшүүдө ушул деп буюрганын.
Бөбөктөрдү көрбалып зырп дейт жүрөк,
Бербатышкан чогулткан тыйындарын.
Аянышпай болгонун колдорунда,
Алган жүгүн элинин жондоруна.
Жаштар барда силердей жалындаган,
Жашайт кыргыз түбөлүк тоолорунда.
...Башкалардай жок эле сан дүйнөсү,
Билими эле колунда бар дүйнөсү.
Ажал менен кармашкан чырпыктай кыз,
Халатындай ак эле жан дүйнөсү...
Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти 13-июль күнү каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле мекемеден маркумдун өлүмүнүн себеби эки тараптуу пневмония болгон деген алдын ала маалымат беришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айткан.




1 |