Азамат Жаманкулов: "Театрлар 1-августтан тартып жумушка киришет"
"Учурда карантиндик талапка ылайык бардык маданий мекемелер жабык бойдон турат. Ошого карабастан, иштер онлайн түрүндө аткарылып жатат", - деди Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүнкү брифингде.
Анын айтымында китепканалар интернет ресурстары аркылуу өз иштерин аткарууда.
"Театрлар 1-августтан тартып жумушка киришет. Бирок кырдаалга жараша алардын иш-аракеттери дагы онлайн түрүндө уланат. Тактап айтканда, ар бир театрдын коюла турган спектаклдерин алардын өздүк сайтынан көрө аласыздар, ошондой эле маалыматтарды социалдык баракчаларынан алсаңыздар болот", - деди өз сөзүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.