super.kg logo

Чолпон-Ата шаарындагы иштеп жүргөн өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди

 

Чолпон-Ата шаарында «Өспүрүм түн» рейди болуп өттү. Бул тууралуу облустук милиция кызматынан кабарлашты.

Рейд 3 күндүн аралыгында өтүп, милиция кызматкерлери жана шаардын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрү 50гө жакын коомдук жайларды текшерүүгө үлгүрүштү. Текшерүү учурунда өзгөчө көӊүл, өспүрүмдөр тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоого жана түнкү мезгилде ата-энелеринин же болбосо аларды алмаштыра турган адамдардын коштоосуз жүргөнүнө бурулду.

Райондук милициядан белгилегендей, жайкы туристтик мезгилде облустун курорттук зонасына каникул учурунда иштеп алуу үчүн башка облустардан өспүрүмдөр келишет. Көпчүлүк учурда, алар ата-энесинин эле эмес, жакын туугандарынын көзөмөлүнөн сырткары болушат. Мындай кайдыгерликтен улам, жаш балдар ар кандай кырсыктарга учурашы мүмкүн. Ал эми коронавирус пандемиясы мезгилинде бул коркунуч бир топ жогорулайт.

"Үч күндүк рейд учурунда Чолпон-Ата шаарында эле 7 өспүрүм түнкү мезгилде жалгыз жүргөндүгү аныкталды. Бардык аныкталган балдар ата-энелеринин колуна өткөрүп берилип, алар менен түшүндүрүү иштери өттү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери ата-энелерге балдары тарабынан бет капты жана антисептиктерди колдонуусун көзөмөлгө алышын эскертип кетишти. Себеби, айрымдары коомдук жайларда бет капсыз жүргөндөрү аныкталган болучу", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз өлкөсүндө жаш өспүрүмдөргө түнкү саат 22:00дөн баштап, эртеӊ мененки саат 06:00гө чейин коомдук жайларда чоӊ адамдардын көзөмөлүсүз жүргөнгө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: