Мушкер Дастан Али Шаршеев Ысык-Көлдү жетектөөгө барган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болду
Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мушкер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алды. Бул тууралуу облус башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу калайык калк! Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын", - деп жазган Балбак Түлөбаев.
Бул боюнча мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео кайрылуу жасады.
"Акыреттеги суракта "сага берилген жаштыкты эмне кылдың?" деп сурайт экен. Мага берилген жаштык убакытты жөн эле кетиргим келген жок. Бул дагы Кудайдан берилген оомат. Мен кичи мекениме кызмат кылганы келдим", - деди Шаршеев өз кайрылуусунда.
Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.










1 |