super.kg logo

Ош мэриясында аза күтүү күнүн өткөрүү жана Курман айттагы тартиптер тууралуу айтылды

 

Бүгүн, 29-июль күнү Ош шаардык мэриясы алдыдагы эки күндү өткөрүүнү тиешелүү тараптар менен талкуулаганын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, жыйын шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуевдин катышуусунда өттү. Анда үч маселе каралган:

1. 30-июль Улуттук аза күтүү күнү жөнүндө;
2. 31-июль Курман айт майрамын өткөрүү тартиби боюнча;
3. Коронавирус илдетине чалдыккан жарандарды үймө-үй кыдырып аныктоо.

Биринчи вице-мэр аза күтүү күнү Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, менчик ишканаларда, соода-сатык мекемелерде илинип турган туу түшүрүлүп, эскерүү өз тартибинде өтүшү боюнча тапшырма берген.

"Ал эми Курман айт күнү Ош шаарынын мэриясы, казыят, жеке ишкерлер тарабынан курмандыктар жана жардамдар муктаждардын үйлөрүнө жеткирилип, адамдардын топтолушунун алдын алуу боюнча катуу талап коюлду.

Үчүнчү маселе боюнча саламаттыкты сактоонун Ош шаары боюнча координатору, шаардык клиникалык ооруканасынын башчысы Кыялбек Ташболотов учурда шаар боюнча үймө-үй кыдырып, текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Акыркы эки күндө 2502 үй текшерүүгө алынган, жалпы 21 миң 169 жаран текшерүүдөн өттү. Жалпысынан 184 бейтап аныкталган. Анда 59 жаран ар кандай оору менен, 36сынын дене табы жогору абалда болгон, 69 бейтап жөтөл менен обсервацияга алынган, дагы 20сы күндүзгү стационарга жиберилген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: