super.kg logo

Онлайн окууга тапшыруунун оң жана терс жактары

 

Быйыл бүтүрүүчүлөр жогорку жана кесиптик орто окуу жайларга онлайн түрүндө тапшырууда. Ага ылайык, аталган систем окууга тапшырууда абитуриенттер үчүн кыйынчылыктарды жаратканы менен ошол эле учурда жакшы жактары да бар.

Ал эми биздин каарман Базарбек Элемановдун айтымында, окууга тапшырууда университеттерди кыдырып, өз көзүң менен көрүп тапшырган жакшы экен дейт. Бирок онлайн окууга тапшыруунун адатта жакшы жактары да жок эмес, убакыттан утат экенсиң деген бүтүрүүчү Лариса Сарайбекова үйдө отуруп эле, медициналык академиянын студенти болуп калды.

Учурда окууга тапшырып жаткандардын катарында бир гана бүтүрүүчүлөр эмес, жогорку окуу жайдын бакалавр даражасын аяктагандар да бар. Магистратурага тапшыруудагы кыйынчылыктар тууралуу Надира Абылгазиева буларга токтолду.

Онлайн окууга тапшырууда абитуриенттер эмес бакалаврды бүткөн мен үчүн да кыйын болду. Себеби ЖОЖдор боюнча маалыматтар көбүнчө жетишсиз, алардын сайттары жакшы деле иштебейт же маалыматтар эски. Ал эми бүтүрүүчүлөр арасында факультет деген эмне, аны кантип тандоо керек деген өңдүү жөнөкөй суроонун жообун билбегендер дагы бар экен. Техникалык жааттан да ар кандай кыйынчылыктар болуп эле жатты” , - деп билдирет ал.

Ал эми учурда окуу жайга тапшыруунун биринчи жана экинчи туру аяктаса, үчүнчү тур 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт. Окууга өткөн студенттердин тизмеси сайтка жарыяланат. Мындан тышкары ар бир бүтүрүүчү өз аккаунтту аркылуу да окууга өткөн-өтпөгөнүн билип турса болот.






Онлайн окууга тапшыруунун оң жана терс жактары

Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: