Эми мектептерде психологдун кызмат орду пайда болот
Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында психологдун кызмат орду расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдайт.
Өкмөттүн мындай чечими өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Психологдун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша белгиленет. Алсак, 100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептер үчүн – 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейин – 0,5 штаттык бирдик, 551 жана андан көп окуучусу бар билим берүү уюмдары үчүн – 1 штаттык бирдик каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















