2020-2021-окуу жылында мектеп окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийишпейт
2020-жылдын 1-августунан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды.
Учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, мониторинг өткөрүлдү.
Ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефон менен камсыз кылуу боюнча иштери башталды.
Ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында берүүгө милдеттүү.
2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.
