super.kg logo

Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн деп мурда соттолгон Өзбекстандын 2 жараны кармалды

 

Жалал-Абад облусунда чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн деп Өзбекстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

"Кечээ, 4-август күнү Жалал-Абад ОИИБине Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан багыттама жиберилген. Багыттамада Өзбекстандын Ташкент облусунун 1996-жылы туулган тургуну, Ташкент облустук соту тарабынан 2017-жылы соттолгон С.Х. жана Наманган облусунун тургуну, Чартак райондук соту тарабынан 2017-жылы соттолгон А.Б. аттуу жаран 31-июль күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Ташкент облусунда жайгашкан жатак абактан келишимге чыгып иштеп жүргөн жеринен белгисиз тарапка качып кетишкендиги көрсөтүлгөн.

Багыттамада көрсөтүлгөн факты боюнча Аксы РИИБинин өздүк курамына жеткирилип, РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ш.Таңгиров тарабынан тийиштүү ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп издөө иши башталган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган Өзбекстандын атуулдары Аксы районунун аймагында болушу мүмкүн делген маалыматтар алынган.

Алынган маалымат боюнча, көрсөтүлгөн дарекке 3-августта болжол менен саат 19:30 чамасында РИИБдин кызматкерлери барган мезгилде Өзбекстандын жарандары тоо тарапка качып кетишкен. Ошол жерден издөө иш-чаралары улантылып, жарандарды кармоо үчүн РИИБдин өздүк курамы жана чек ара кызматкерлери тартылган. 4-августта болжол менен саат 19:00 чамасында изделип жаткан жарандар Кербен шаарына караштуу Сөгөт-Сай участкасындагы тоодо жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти мекемеден.

Аталган факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 358-берененин негизинде ("мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: