super.kg logo

Ошко Москвадан 339 Кыргыз жараны кайтып келди

 

Бүгүн, 6-августта Ош шаарына Москвадан 339 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар "Ош" эл аралык аэропортунда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Моксва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен учуп келишкен.

"Бул каттам менен мекенине Орусиядан 339 Кыргыз жараны кайтып келди. Анын ичинде жаш балдар да бар. Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясый мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргыз өлкөсүнө кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен, Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөгө келе тургандарды аныктоо комиссиялык тандоо, гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, буга чейин Орусияда хирургиялык операция жасаткан жана башка олуттуу медициналык процедураларды өткөргөндөр, жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына туш болгон жарандар келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.08.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунуно 500адам келет жалан оорукчан боюнда барлар барып алышкан окшойт Москвага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: