Курсан Асанов сот отурумунда: "Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм"



Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.
Сотко Адылбек Эсенбаев судьялык кылууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.
Сот башталганга чейин Курсан Асанов ага коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз экенин айтты.
Анын айтымында, ага коюлуп жаткан үч айыпка тең далил жок. Ал: "Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм, туура кадам жасадым деп эсептейм. Себеби кан төгүүсүз Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүгө келип, баары тынчтык жолу менен чечилген. Буга эл да күбө", - деди Асанов.
Курсан Асанов: “Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм“
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

А бизде "закон дышло, куда повернул туда вышло!"