Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумду видеого тартууга уруксат берилген жок
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланып жатат. Анда сот процессти видеого тартууга уруксат берген жок. Отурумдун башында жактоочу Чынара Жакупова отурумду видеого тартууга жана журналисттерге аны чагылдырууга уруксат берүүнү соттон өтүндү. Анткени ЖМК өкүлдөрүнө сот залында орун жетпей калган болчу. Жактоочунун бул өтүнүчүн судья Адылбек Эсенбаев жарым жартылай канааттандырды. Ал журналисттердин соттук процесске катышуусуна уруксат бергени менен видеого тартууга тыюу салды.
Жактоочунун өтүнүчү буга чейинки отурумдарда эле айтылып, бир чечимге келишкенин айтып, прокурорлор нааразы болушту.
Курсан Асанов: “Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм“
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.