super.kg logo

Журналист Марат Уралиевдин Кара-Суу РИИБине суракка чакыртылышы боюнча Ош ОИИБи маалымат таратты

 

Кактус.медиа маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиевдин Кара-Суу РИИБине суракка чакыртылышы боюнча Ош ОИИБи маалымат таратты.

Ага ылайык, 7-июль күнү саат 15:30 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында жайгашкан "Баястан" ресторанында карантиндин эрежелерин бузуу менен маараке өткөрүлүп жаткандыгы туурасында Кактус.медиа маалыматтык агенттигинин журналисти Марат Уралиев билдирген. Аталган маалымат ошол эле күнү Жорук кодексинин 127-1-беренеси менен Кара-Суу РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө “Баястан” ресторанынын администратору М.А.га 24-июнь күнү Кара-Суу райондук санэпидем станциясынын кызматкерлери барып эскертүү беришкен. Бирок администратор эскертүүгө баш ийбестен, 4-июль күнү дагы той өткөргөндүгү үчүн 13 миң сом айып салынган.

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишин тергөөнүн алкагында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн ресторанда тартылган тасма боюнча Марат Уралиев мыйзам чегинде суракка чакырылган. Бул учурда мыйзамдын талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде ар бир жагдай боюнча тактоо зарылчылыгы бар, ошондуктан бул жорукту саясий мүнөзгө айлантуунун кереги жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: