super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Барселона" "Баварияга" 8:2 эсебинде утулуп калды

 

Бүгүн, 15-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын кезектеги оюну өттү. Чейрек финалдык оюнда Испаниянын "Барселона" клубу менен Германиянын "Бавария" клубу кез келди. Оюн алгачкы мүнөттөрдө эле германиялык клуб топко көбүрөөк ээлик кылып, эсеп санын ачканга жетишти. Оюн талаасынан биз мурдагы "Барселонаны" көрө алган жокпуз.

"Бавария" клубу арты-артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле "Бавария" турнирдин жарым финалына өтөрү даана байкалып жатты. Оюндун экинчи бөлүгү кайрадан эле германиялык клубдун басымы менен башталды.

"Барселона" коргонууда гана ойноп жатышты. Мюнхен машинеси бул оюнда дагы футбол сүйүүчүлөрүн таң калтырды. Башкы машыктыруучу Ханс-Дитер Фликтин жетекчилиги астында "Бавария" клубу турнирдин фаворити экени даана байкалып турду.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 2:8 болуп, "Бавария" жарым финалга жолдомо алса, атактуу Лионель Месси баштаган "Барселона" клубу турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Барселона" - "Бавария" 2:8;

Голдор: Томас Мюллер (4-31-мүнөттөрдө),

Давид Алаба (7-мүнөттө өзүнүн дарбазасына),

Иван Перишич (21- мүнөттө),

Серж Гнабри (27-мүнөттө),

Луис Суарес (57-мүнөттө),

Жошуа Киммих (63-мүнөттө),

Роберт Левандовский (82-мүнөттө),

Филлип Коутиньо (85-89-мүнөттөрдө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Бавария" командасынын чабуулчусу Томас Мюллер табылды.

Барселона" буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында "Атлетик" клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы "Севилияга" 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935 жана 1943-жылдары Испания кубогунда мадриддик "Реал" клубуна жеңилген.

Бул учур команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет "Барселонанын" дарбазасына 8 гол кирген учур 1946-жылы болгон. Анда Испаниянын кубогу үчүн мелдеште "Севилия" 8:0 эсебинде утуп алган болчу.

"Барселона" буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында "Атлетик" клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы "Севилияга" 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935-1943-жылдары Испания кубогунда мадриддик "Реал" клубуна жеңилген.

Кечээ Лиссабондо Чемпиондор Лигасында "Бавария" менен беттеши "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн күч сынашуусундагы эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

Быйыл Чемпиондор Лигасынын жарым финалына тилекке каршы бир дагы испаниялык клуб өтө албай калды

Белгилей кетсек пандемияга байланыштуу аталган мелдеш августта жанданып, коронавирус илдети жок делген аймакта Португалиянын Лиссабон шаарында өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
15.08.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир оюнда ушундай эсеп болуп атат эгер жооптук оюн болуп калса Барсанын дарбазасын тешип салат окшойт экен
15.08.2020. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Позор Барса
15.08.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки команда тен тарыхта калды)).
15.08.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бавария барсаны расса кактыго.
15.08.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ассалому алейкум Барса фанаттарына конул айтам сабр кылгыла
15.08.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барселона өз машыктыруучусун кызматан алса керек эми интернет тармактарынан укан жайым бар Ювентус ка окшоп ким билет ушундай болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: