super.kg logo

Университеттерде жана колледждерде окуу онлайн форматта башталат

 

Өлкөбүздөгү жогорку жана орто окуу жайларда жаңы окуу жылы аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн форматта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктерин азайтуу максатында жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда (менчигинин түрүнө карабай) аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу жылы онлайн режимде башталышы тууралуу чечим чыгарды.

Окуу процесси автоматташтырылган маалыматтык системи, ZOOM, Google classroom, MOODLE, Academic Affairs маалыматтык системдери, ошондой эле Whatsapp, Skype, электрондук почтанын, өздүк электрондук китепканаларынын ресурстарын, Кирлибнет электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуу менен онлайн форматта уюштурулат.

Окуу жайлар дисциплиналардын окуу-методикалык комплекстерине ылайык, студенттердин өз алдынча ишинин планын иштеп чыгат. Ошондой эле аралыктан окутуу формасына керектүү санариптик окуу материалдары менен камсыздайт. Өздүк маалыматтык билим берүү ресурстарын жакшыртат жана сабактарды дистанциялык форматта уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча чараларды көрүшөт.

Азыркы учурда ЖОЖ жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо уюштурулду.

Министрлик алдында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан адам ресурстарын, билим берүү чөйрөсүн, санариптик инфраструктураны, методикалык базаны жана онлайн форматтагы окуу процессин баалоо ыкмалары боюнча системалык сунуштамалар иштелип чыкты.

Министрлик 17-августтан онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана колледждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.






18.08.20. Күн ичиндеги маанилүү кабарлар топтому

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: