Президентке бут кийим тартуу кылган жаран 10 миң доллар алды
Өлкө башчы Садыр Жапаровго атайын бут кийим жасаган Алмаз Өмүр президентке жолукканын билдирди.
Ал мамлекет башчысы жылуу кабыл алып, тартуу кылган булгаары бут кийимин өлкө ичинде кийип жүрөрүн убадалаганын айтты. Чебер ошондой эле Садыр Жапаров тышкы сапарлар үчүн дагы бир бут кийим жасоо тапшырмасын берип, кур кол кетирбей 10 миң доллар бергенине ыраазычылыгын билдирди.
Анын айтымында, президент бут кийимдин артыкчылыгы менен кемчилигине токтолуп, ага өндүрүшүн брендге айлантуу тапшырмасын койгон. Алмаз Өмүр эми берилген акчага жабдыктарды аларын айтат.
Президентке бут кийим тартуу кылган жаран 10 миң доллар алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















