Екатеринбургдан Бишкекке 166 Кыргыз жараны учуп келди
19-августунда Екатеринбургдан Бишкекке «Урал авиалиния» ААК чартердик каттамы менен 166 Кыргыз жараны келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам менен Бишкекке курч муктаждыктары бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Ноябрьск, Курган, Пермден жана башка шаарлардан келишти.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыздардын диаспоралык уюмдарынын келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле, "Урал авиалиния" авиакомпаниясынан мурда сатылып алынган авиабилеттер эске алынган, алар эпидемиологиялык кырдаалдын түзүлгөндүгүнө башланыштуу ишке ашпай калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
MAKALAK

19.08.2020. 13:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер ошол келген рейстер кайра Россияга Адам апкетеби.Ошол жол жобосун жазсанар.Екатеринбургга кете албай атабыз эки Айдан бери
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.