Шайлоо-2020: "Партиялар документтерин тапшыргандан кийин айрым мүчүлүштүктөрүн оңдоого 48 саат берилет" дейт БШКнын мүчөсү
Шайлоого аттанып жаткан партияларга, алар берген документтеринде техникалык же башка мүчүлүштүктөр кеткен болсо, аларды оңдоого 48 саат берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршенаалы уулу айтып берди.
Ал билдиргендей, шайлоолор жөнүндө мыйзамдын 61-беренесине ылайык, саясий партиялар шайлоого 40 күн калганда, саат 18:00гө чейин бардык тиешелүү документтерди тапшырат. БШК комиссиясы ал берилген документтерди 24 сааттын ичинде текшерип, мүчүлүштүктөр болсо саясий партияларга маалымат берет. Саясий партия документтердеги мүчүлүштүктөрүн толуктап келүүгө укуктуу.
Бүгүн, 25-август саат 10:00гө карата БШКнын имаратынын алдына айрым партия мүчөлөрү, укук коргоочулар жана журналисттер чогулган. Анда алар БШКга документтерин убагында берип жетишпей калды делген төрт партиянын каттоодон өткөндүгүнүн чын-бышыгын тактоо үчүн БШК өкүлдөрү менен жолугуу үчүн келишкен.Бул боюнча маалыматтар саат 14:00дө бериле турган болду.
Кечээ, 24-августта шайлоого бара турган партиялардын БШКга бериш керек болгон документтерин тапшыруунун акыркы күнү болгон. Мыйзамга ылайык, партия өкүлдөрү кол жазма жана электрондук вариантта талапкерлердин тизмесин жана башка документтерин саат 18:00гө чейин тапшыруусу керек болчу. 25-августка караган түнү айрым партиялар документтерин көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырды деген маалымат тарап, БШКнын алдына журналисттер, партия мүчөлөрү жана укук коргоочулар чогулган.


