Окуучулар "Тулпар" картасын сатып алуу үчүн мектеп директоруна кайрылса болот
1-сентябрга карата Бишкекте мектеп окуучулары “Тулпар” картасын мектеп директорунан алса болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картаны бир жолу алып, мектепти бүткөнчө колдонууга болот.
"Окуучу “Тулпар” картасын сатып алуу үчүн алгач өзү окуган мектептин директоруна кайрылуусу керек. Эгерде бала коомдук транспортто жүрбөсө, анда ага карта сатып алуунун кажети жок", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкекте коомдук транспорт 1-сентябрдан тарта үзгүлтүксүз иштей баштады.
Эске салсак, 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системи коомдук муниципалдык транспорттордо толук кандуу иштеп баштаган. Бирок азырынча жол кире карта менен дагы, накталай төлөм менен дагы алынат. Ал эми карта ээлери автобус жана троллейбустарда жол кирени накталай төлөмсүз жүргүзө алат.


1 |